Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:26

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттору менен жолугушту.

Жолугушууда президент Кыргызстан укуктук мамлекет курууга умтулуп жатканын жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү болушу керектигин белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы конституциялык ченемдерди бекем сактап, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палатанын сотторунун жоопкерчилиги жогору экенин белгиледи. Ошону менен бирге жарандардын саясий укуктарын жана эркиндигин, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо аларга негизги милдеттер жүктөлгөндүгүн айтты.

Сооронбай Жээнбеков сотторго мыйзамдарды сактоо менен, конституциялык принциптерден жана ченемдерден тайбай, адилет чечимдерди кабыл алуунун мааниси тууралуу да эскертти.

“Биздин өлкөдө мыйзам баарынан бийик, мыйзам алдында баары бирдей болууга тийиш”,-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 25 жыл толду. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG