"Кыргызгидромет" билдиргендей, 6-7-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. 6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жамгыр катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй менен Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25;
Баткен аймагында түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26;
Ысык-Көл кылаасында 4...9, күндүз 16...21;
Нарын дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20 градуска чейин жетет.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 18...20 градус болот. (ErN)