Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 11:26

Талиптер Бадахшан провинциясынын түндүгүндөгү стратегиялык мааниге ээ райондордун бири болгон Кохистанатты ээлеп алганын Ооганстандын бийлик өкүлдөрү билдиришти. Район үчүн кармаш 3-майда башталган.

Провинциядагы өкмөт мүчөсү Абдуллах Нажи Назаринин айтымында, бир нече адам набыт болду. Буга чейин талиптер Бадахшандагы эки районду басып алган эле.

Ооган армиясынын басма сөз катчысы Мохаммед Аниф Реязе түндүктөгү Балх провинциясынан кошумча аскерий күчтөр Бадахшандын борбору Файзабадга барганы менен аба ырайынын катаалдыгынан улам талиптерге каршы тура албай жатат. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG