Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Орусияда митингде 600дөн ашуун киши кармалды


Краснодар шаарындагы акцияга чыккандар.
Краснодар шаарындагы акцияга чыккандар.

Орусияда өтүп жаткан “Ал бизге падыша эмес” деп аталган нааразылык акциялары учурунда 600дөн ашуун киши кармалганын “ОВД-инфо” деп аталган укук коргоо порталы жарыялады. Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына байланыштуу бийликке каршы митингдер өлкөнүн он чакты шаарында өтүп жатат.

Москва жана Челябинск шаарларында бери дегенде 150 адамды полиция машинеге салып кеткени айтылды. Якутск, Красноярск, Краснодар, Калуга жана Новокузнецк шаарларында да ондогон адамдар кармалды.

Саратовдо болсо макулдашылбаган акцияларда полиция өспүрүмдү кармаганы кабарланды. Окуучуну кармап кетип жаткан учурда “Азаттыктын” кабарчысы аны менен сүйлөшкөнгө үлгүрдү. Бала атасынын уруксаты менен митингге келгенин айткан. Саратовдогу митингге 800дөй киши келген.

Бүгүн түшкө жуук митингге чакырган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да кармалган. Москва шаарында миңдеген адамдар катышкан акцияда Навальныйдын тарапкерлери менен активисттердин ортосунда кагылышуу болгон.

Оппозиционер Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чакырган.

18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG