Ирандын президенти Хасан Роухани “Телеграм” мессенжерин жабуу тууралуу соттун чечимин сынга алып, анын администрациясы муну колдобой турганын жарыялады.
“Өкмөт коопсуз, бирок көзөмөлсүз Интернетти каалайт”,-деп жазды ал "Инстаграмдагы" баракчасына. Президент Роухани өкмөт "Телеграмды" жабууга буйрук бербегенин ырастап, "мессенжерди жабуу демократияга каршы келет” деп кошумчалады.
30-апрелде Ирандын ЖМК жана маданий иштер боюнча соту "Телеграмды" жабуу тууралуу чечим кабыл алган. Сот "Телеграм" Ирандын коопсуздугуна коркунуч келтирген уюмдардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланылган деп тапкан.
“Телеграмдын” жабылышы ага каршы чыгып жаткан диниятчылар менен президенттин ортосунда бир нече айдан бери уланып келаткан талашка чекит койду. Ирандык гезиттер "президент-реформатор бул күрөштө жеңилгенин" жазып чыгышты.
80 миллиондой калкы бар Ирандын дээрлик жарымы “Телеграмды” пикир алышуу, көңүл ачуу жана бизнес үчүн колдонуп келген. (ErN)