Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Лейлекте кайрадан сел жүрдү


Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын улам Чарбак-Сай жана Патан-Сай тилкесинде кайрадан сел жүрдү. Бүгүн кечке жуук сел төрт бодо малды агызып кетти.

Эртең ушул эле участоктордо жүргөн сел эки уйду агызып кеткени айтылган. Бир топ жолдорду да сел алган. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жоктугу маалымдалууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик жолдорду калыбына келтирүүгө аракет жасап жатышат.

Кечээ Кара-Суу районунда жана Кара-Кол шаарында да каналдардан суу ашып, ондон ашуун үйлөрдүн короолорун каптаган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG