Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ аскердик-деңиз күчтөрүнүн Экинчи флотун калыбына келтирет


Жорж Буш атындагы кеме.
Жорж Буш атындагы кеме.

Орусиянын аскердик дымагы күчөп баратканына байланыштуу АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы (АДК) Экинчи флотту калыбына келтирүү планын жарыялады.

АДКнын башкы командачысы, адмирал Жон Ричардсон Экинчи флот жоопкерчиликке ала турган аймак Чыгыш жээк жана Түндүк Атлантика болоорун билдирди. Адмиралдын сөзүнө караганда былтыр жарыяланган улуттук коргонуу стратегиясы, ири державалардын ортосундагы атаандашуу кайра жанданганын ачык көрсөттү. Бул стратегиянын артыкчылыктуу багыты Орусия менен Кытайга каршы туруу болуп саналат.

Би-Би-Си маалымат каражаты кабарлагандай Экинчи флот буга чейин каржылык маселелерден жана ички түзүлүштөгү себептерден улам жоюлган болчу. Эми бул флот мурдагы ордун ээлейт, ал Вирджиния штатынын Норфолк шаарында жайгашат. Башкы командачы билдирүүсүн Норфолкто аба учактарын алып жүрүүчү Жорж Буш атындагы америкалык кеменин бортунда туруп жасады. (ErN)

XS
SM
MD
LG