Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

"Кыргызмунайгаздын" кызматкерлери ишкананы "Газпромго" берүүгө макул


Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомунун кызматкерлери ишкананы "Газпромго" толук иштетүүгө берүүгө каршы эмес. Бул тууралуу атайын маалымат жыйында аталган ишкананын бөлүм башчылары жана кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин талабына ылайык 2020-жылдан тартып Кыргызстан күйүүчү майлардын евро-5 стандартына өтүшү керек. "Кыргызмунайгаз" учурда евро-2 стандарты менен гана продукция өндүрүүдө.

Ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы стандартка чыгуу үчүн ишкананы модернизациялоого сөзсүз инвестор керек, ага Орусиянын "Газпром" ишканасы гана негизги өнөктөш катары инвестиция сала алат.

"Ошол себептүү бардык жумушчулар ишкананын өнүгүшү үчүн анын "Газпромго" берилишин толук колдойбуз" деди ишкананын бөлүм башчысы Кочкорбай Абдалиев.

Быйыл жыл башында кыргыз өкмөтү менен "Газпром" ишканасынын ортосунда "Кыргызмунайгазга" инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча "Газпромго" "Кыргызмунайгаздын" толук акциясы берилет.

"Кыргызмунайгаз" ишканасы быйыл жыл башынан бери 27 миң тонна мунай жана 7 млн. куб газ өндүрдү. Жылдык кирешеси 652 млн. сомду түзгөн ишканада 2500 адам иштейт. Жылына 140 миң тонна мунай өндүрөт. (RSK\ErN)

XS
SM
MD
LG