Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Жаштар Нарында эки миңдей көчөт отургузушту


Нарын шаарында көчөт отургузуу
Нарын шаарында көчөт отургузуу

Өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган жаштардан түзүлгөн “Кыргызстан жаштар ынтымагы” аттуу кыймылдын мүчөлөрү Нарында эки миңден ашык дарак отургузушту. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлү Асел Шанаева “Азаттык” радиосуна билдирди.

600 алма көчөтүн алар Нарын шаарындагы Жаштар жана Жеңиш сейил бактарына, ал эми 1500дөй көчөттү Ак-Талаа районуна отургузушту.

Бул жолку иш-чарага аталган кыймылдын Бишкек шаарындагы, Чүй, Талас, Ош, Баткен жана башка аймактардагы 300дөй өкүлү келген. Аларга жергиликтүү жаштар да кошулду.

Аталган коом 2018-жылдын январь айында түзүлгөн. Уюмга 600гө жакын адам мүчө. Алар буга чейин Бишкек жана Ош шаарларында карылар жана балдар үйлөрүнө жардам уюштурушкан. Кийин Бишкек-Ош жолунда кырсыктарды азайтууну ниет кылышып түлөө өткөрүшкөн. Ошондой эле Өзгөн районунда трассанын боюна 2018 көчөт отургузушкан. Нарындагы иш-чарадан кийин жаштар акцияны Жалал-Абад аймагында улантышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG