Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Бишкекте тогуз коргоол боюнча Азия кубогу башталды


Тогуз коргоол оюну
Тогуз коргоол оюну

Бүгүн, 6-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда тогуз коргоол боюнча Азиянын кубогу башталды.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Түштүк Корея жана Өзбекстандан 150дөн ашуун оюнчу катышууда. Байгелер кыз-келиндер жана эркектер арасында ойнотулат.

Аталган мелдеш III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Жеңиш күнүнө арналган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Эл аралык коргоол оюндарынын федерациясы биргеликте уюштурган Азиянын кубогу 12-майга чейин уланат. (ECh\ErN)

XS
SM
MD
LG