Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Мусулман өлкөлөр кызматташуу маселесин талкуулашууда


Даккадагы жыйында мусулман өлкөлөрдүн өкүлдөрү
Даккадагы жыйында мусулман өлкөлөрдүн өкүлдөрү

Бангладештин борбору Дакка шаарында Ислам кызматташтыгы уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин 45-сессиясы өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

5-майда башталган жыйынга Кыргызстандан ТИМдин статс-катчысы Айбек Омокеев баштаган делегация катышууда. Бул сессияда тынчтык, биримдик жана туруктуу өнүгүү үчүн ислам баалуулуктарын илгерилетүү жана жайылтуу маселелери талкууланууда. Күн тартибинде ИКУга мүчө-мамлекеттердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык кызматташтыгы турат. Мындан сырткары сессияда Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы аскердик-саясий абал, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү маселелери талкууланууда.

Кыргыз делегациясынын жетекчиси жыйында пленардык билдирүү жасап, башка өлкөлөрдүн делегацияларынын башчылары менен жолугушуу пландалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG