Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кирген уурулар баласын жарадар кылышты


Аалымдар кеңешинин төрагасы, диний ишмер Абдышүкүр Нарматов
Аалымдар кеңешинин төрагасы, диний ишмер Абдышүкүр Нарматов

Аалымдар кеңешинин төрагасы, диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө белгисиз адамдар уурулукка кирип, уулунун бутуна атып, аны жарадар кылып качып кетишкен. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 4-майга караган түнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында Нарматовдун үйүндө болгон. Таңында белгисиз адамдар диниятчынын үйүнүн короосунда турган автоунааны тоношкон. Алар машиненин айнегин сындырып, документтерди жана сегиз миң сом акчаны алышкан.

Андан соң кылмышкерлер үйгө кирүүгө аракет кылып жаткан маалда үй ээлери ойгонуп кетишкен. Нарматовдун 21 жаштагы уулу короодон эки адамды көрүп калып, аларды кармоого аракет жасаган. Ошол учурда белгисиз кишилердин бири диний ишмердин уулун аткан. Бутунан жарадар болгон жигит ооруканага жеткирилген. Учурда диний ишмердин баласынын абалы канааттандырарлык.

Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”) жана 168-беренеси ("Карактоо") беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүүлөрдү издөө жана тергөө иштери уланууда.

Абдышүкүр Нарматовдун өзүнөн жана уулунан комментарий алууга мүмкүн боло элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG