Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Пакистанда 23 кенчи набыт болду

Пакистандын түштүк-батышындагы көмүр кенинде болгон кырсыктан 23 кенчи набыт болуп, 11 адам жарадар болгонун бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Пакистандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Аттауллах Хан 5-майда Балужистан провинциясындагы Марвар көмүр кенинде жарылуу болгонун маалымдады.

Аталган шахта Балужистандын борбору Куеттага 60 чакырым алыс жайгашкан.

Өлкөдөгү көмүр шахталарынын дээрлик бардыгы менчик компанияларга таандык. (BCh)

​
XS
SM
MD
LG