Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Дмитрий Медведев баштаган орус өкмөтү кызматтан кетет


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Премьер-министр Дмитрий Медведев башында турган Орусиянын өкмөтү дүйшөмбү күнү кызматтан кетет. Андан бир сутка өтпөй жаңы премьер-министрдин аты-жөнү белгилүү болот.

Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттигине Мамлекеттик думадагы булак кабарлап, төмөнкү палата 7-майда Владимир Путиндин инаугурациясынан кийин министрлер кабинетинин төрагалыгына президенттен сунуш келет деп күтүп жатканын билдирди. Шейшембиде бул маселе Мамлекеттик думанын жыйынында талкууланат.

Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин Орусиянын президенти премьер-министрликке талапкерди сунуштаса, бул маселе 8-майда каралаарын ырастады.

2012-жылы премьер-министрликке талапкер Дмитрий Медведев экени президент Владимир Путиндин инаугурациясынан кийин эки саатка жетпей белгилүү болгон.

Путиндин инаугурациясын утурлай Орусиянын бир катар шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган “Ал бизге падыша эмес” деп аталган акция өтүп жаткан. Митингдердин жүрүшүндө 1600дөй адам кармалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG