Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Аксыда жергиликтүү кеңешке талапкерлер президентке кайрылды


Аксы району.
Аксы району.

Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон 17 адам президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдошту.

13-майда мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо белгиленген. Кайрылууда шайлоонун алдында үгүт иштери одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, айрым партиялар акча таратып жатканы айтылат. Талапкерлер таза шайлоодон үмүт үзгөнүн айтышып, ушундан улам мыйзамдуулукту камсыздап берүүнү бийликтен суранышат.

Кара-Жыгач айылдык кеңешине быйыл экинчи ирет мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Буга чейин айыл өкмөт башчысын шайлоодо бириге албаган депутаттар эки жолу мөөнөтүнөн мурда таратылган болчу. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG