Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Макрон: Трамп өзөктүк келишимден чыкса, согуш коркунучу жаралат


Франциянын президенти Эммануэл Макрон Австралиядагы маалымат жыйынында. 2-май, 2018-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Австралиядагы маалымат жыйынында. 2-май, 2018-жыл.

Эгер АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыкса, согуш чыгып кетүү коркунучу бардыгын Франциянын президенти Эммануэл Макрон эскертти. Ал бул тууралуу Германиянын Der Spiegel журналына курган маегинде айтты. Ошону менен катар ал Дональд Трамп согушту каалабастыгын кошумчалады.

Трамп 12-майга чейин Иран менен дүйнөлүк алты держава ортосунда түзүлгөн келишимден чыгар-чыкпасын чечерин билдирген. Байкоочулар Трамп бул келишимде калуу жолун табарын айтышууда.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG