Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ “2015-жылкы келишимден чыкса өкүнүп каларын” белгиледи.
- Өзөктүк келишим боюнча Трамптын кандай гана чечими болбосун, ага каршы турууга биздин пландарыбыз даяр. Эгер Америка өзөктүк келишимден чыкса, бул тарыхый өкүнүчкө алып келет, - деди Роухани 6-майда сүйлөгөн сөзүндө. Анын билдирүүсүн мамлекеттик телеканал түз ободо көрсөттү.
Роухани Иран кандай жооп кайтарарын тактаган жок. Ошону менен катар ал Ирандын атомдук энергия боюнча мекемесине “тийиштүү буйруктарды” бергенин кошумчалады.
Дональд Трамп буга чейин бир нече ирет Вашингтон Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн келишимден чыгарын эскертип келген. Ал 2015-жылы жетишилген келишимдеги “одоно алешимдиктерди” европалык өнөктөштөрү 12-майга чейин оңдошпосо, андан толук чыгарын айткан.
Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.