Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 62 тонна жашылчаны өткөрбөй койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 62 тонна жашылчаны кайра кайтарды.

Россельхознадзор мекемесинин Новосибирск облусу боюнча башкармалыгы тараткан маалыматта «Карасук» көзөмөл бекетинде кармалган өндүрүм фитосанитардык жактан жогорку деңгээлдеги коркунучка ээ экени айтылат.

Орусиялык инспекторлор "22 тонна пияз жана 40 тонна капуста боюнча документтер толук толтурулган эмес" деп билдиришти. Жашылчанын баары чек арадан өткөрүлбөй, кайра артка жөнөтүлдү.

Кыргызстан - Орусия, Армения, Казакстан жана Беларус сыяктуу Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Ортодогу бажы тосмолору алынган, бирок фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG