Жер тилкелерин трансформациялоо маселеси Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине кирди.
Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутаттар бул боюнча мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн түзүлгөн топту өзгөртүү маселесин да карашат.
Жердин трансформациясы боюнча мыйзам былтыр парламентте үч окууда тең жактырылган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каршы пикири бар экенин айтып, ага кол коюудан баш тарткан.
Ал эми "Трансформация" уюмунун өкүлдөрү мыйзамды тезирээк кабыл алууну бийликтен суранып келатышат. Алардын пикиринде, бул мыйзам кабыл алынса 2009-жылы киргизилген мораторийге чейин турак жай курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер трансформацияланып, мыйзамдаштырылмак.
32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпысынан 13 миң гектар жерде 38 миң үй курулган. Ал эми жалпы берилген тилкелердин саны 42 миңдей деп айтылып жүрөт. (RK)