Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 05:28

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.

Өкмөт башчы Жалал-Абаддагы аэропорттун жаңы аэробекеттик комплексинин ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле ал Жалал-Абад шаардык №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда болсо Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Мындан тышкары премьер-министр Араван-Сай дайрасына салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, андан соң 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абалынан кабар алат. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG