Баткен облусунун Лейлек районунда 5-май күнкү селдин кесепетин жоюу иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын улам Чарбак-Сай жана Патан-Сай тилкесинде сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду суу жууп кеткен. Сел төрт баш бодо малды агызып кеткени ошол күнү кабарланган.
Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч болгон жок. Тазалоо иштерине жергиликтүү бийликтен 1 экскаватор жана жеке менчик "Газ-53" автоунаасы тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагындагы каналдарда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертүүдө. (SE)