Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Базар-Коргондун автобекетинде бычакталган жигит каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун автобекетинде бычакталган жигит каза болду. Облустук милициянын басма сөз кызматы 7-майда тараткан кабарга ылайык, автобекетте автобус күтүп отурган эки жигит жаңжалдашып, бири экинчисин бычактап салган. Алар Арстанбап айылынын тургундары экени айтылды.

Бычак тийип каза болгон жигит 19 жашта. Аны өлүмүнө себепчи катары 24 жаштагы шериги кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши ачылып, окуя иликтене баштады.

Социалдык тармактарда тараган кыска видеолордо кансырап жаткан уланга "Тез жардам" келгенин, бирок "тергөөчүлөр келмейинче алып кетүүгө мүмкүн эмес" деп, жабырлануучуга тийбей турганын көрүүгө болот. (RsK)

XS
SM
MD
LG