Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссия бардык мүчөлөрдүн сунуштарын корутундуга кошмой болду. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү жыйында буга чейин иликтөө корутундусуна кол койбогон депутаттарын сунушу талкууланып, аларды тыянакка киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.
- Буга чейин "иликтөө корутундусу даяр болду" деп айтканбыз. Бүгүн деле корутунду даяр. Бирок биздин депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү "биздин да сунушубуз бар" дегени үчүн аларды талкуулап, сунуштарын корутундуга киргизе турган болдук. Муну менен биз коомдо, маалымат каражаттарында "депутаттык комиссия экиге бөлүнүп кетти" деген сөздөрдү четке кагып, пикирибиз, сунуштарыбыз бир экенин айткыбыз келет, - деди Примов.
Буга чейин депутаттык комиссиянын эки мүчөсү, депутаттар Акылбек Жамангулов жана Алмазбек Токторов иликтөө корутундусуна кол коюудан баш тарткан эле. Алар корутундуда ЖЭБдеги кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын сарамжалсыз пайдаланышы боюнча жоопкерчиликтүү айрым адамдар тизмеге киргизилбей калганын билдиришкен. Бүгүн жыйындан соң депутат Жамангулов өз позициясын өзгөртпөгөнүн, корутундуга киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып туруп, пикирин айтарын билдирди.
Ал эми депутаттык комиссиянын дагы мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов болсо иликтөө корутундусуна Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоо боюнча кол койгон бардык жетекчилерге саясий баа берүү туурасында сунуш киргизилгенин кошумчалады. (BkA\ErN)