Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:04

Бишкекте тургундар трансформация боюнча митингге чыгышты


Бишкектеги митинг.
Бишкектеги митинг.

Жогорку Кеңештин алдында “Жерлерди трансформация кылуу жөнүндө” мыйзамына байланыштуу нааразылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири, "Трансформация кыймылы" уюмунун координатору Мурадыл Балыбаев “Азаттыкка” билдирди.

- Мыйзамда жазылган нерселердин баарына макул болдук, бир гана ал мыйзамга Чүй облусунун Сокулук району менен Аламүдүн районун киргизбей жатышканына ушул эки райондун эли нааразы болуп чыктык. Жалпы Кыргызстанга болчу мыйзамга ушул эки районду киргизбей коюп жатышат. Бөлгөндө бул райондо участок катары берилип, үйлөр салынып кеткен жерлер трансформация болбой калат. Ошондуктан митингге чыккандар биздин да жерлерди трансформация кылууну талап кылып турабыз, - деди Балыбаев.

Элүүдөй жаран негизинен Сокулук, Аламүдүн районуна караштуу, Бишкек шаарынын жакасындагы жаңы конуштардан келген.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде жер тилкелерин трансформациялоо маселеси каралып жатат. Депутаттар бул боюнча мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн түзүлгөн топту өзгөртүү маселесин да карашууда.

Жердин трансформациясы боюнча мыйзам былтыр парламентте үч окууда тең жактырылган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каршы пикири бар экенин айтып, ага кол коюудан баш тарткан.

Ал эми "Трансформация" уюмунун өкүлдөрү мыйзамды тезирээк кабыл алууну бийликтен суранып келатышат. Алардын пикиринде, бул мыйзам кабыл алынса 2009-жылы киргизилген мораторийге чейин турак жай курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер трансформацияланып, мыйзамдаштырылмак.

32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпысынан 13 миң гектар жерде 38 миң үй курулган. Ал эми жалпы берилген тилкелердин саны 42 миңдей экени айтылып жүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG