Президент Сооронбай Жээнбеков Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун үйүнө барып, учурашып келди.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 7-май күнү Жээнбеков ардагер менен жолугуп, келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктады. Экөөнүн жолугушуусу дасторкон четинде өттү.
Ардагер кыргызстандыктарды биримдикте болууга чакырып, Жээнбековго өзүнүн “Өмүрдөгү ак жол” аттуу китебин белек кылды.
96 жаштагы Корчубек Акназаров 1-Белорус фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы мекенине кайтып, Чаткал районундагы К. Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда – Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген.
Азыр Бишкекте баласы менен турат. (SE)