Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Кыргызстандын маданият министрлиги Роза Рымбаеванын сөзүнө жооп берди


Роза Рымбаева.
Роза Рымбаева.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги казак ырчысы Роза Рымбаеванын оркестр тууралуу сөзүнө жооп берип, кийинки жолу концерт уюштурганда түз эле министрликке кайрылууну cунуш кылды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Рымбаева 3-майда Бишкекте концерт койгон учурда "Бишкек бул - борбор шаар, ошондуктан өз оркестри болгону туура" деген өңүттө сүйлөгөн. Ал оркестрдин коштоосунда ырдоону каалаганын айткан.

Министрлик Кыргызстанда бир канча оркестр ансамбли бар экенин эске салып, Опера жана балет театрындагы, президентке караштуу "Манас" оркестрин, Филармониядагы оркестр ансамблин мисал келтирген.

Казакстандын эл артисти, Кыргызстанда эмгек сиңирген артист Роза Рымбаева 3-майда Бишкектеги Улуттук филармонияда концерт койгон. Аны ишкерлер уюштурушкан. (SE)

Роза Рымбаеванын "Азатыкка" курган маеги:

XS
SM
MD
LG