Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Путин: Элге кызмат кылууну улантам


Кремль. 7-май, 2018-жыл.
Кремль. 7-май, 2018-жыл.

Владимир Путин Орусиянын президенттигине кезектеги алты жылдык мөөнөткө расмий киришип жатып «элге кызмат кылуу» менен «улуу жеңиштердин жана эрдиктердин өлкөсүндө жашоону жакшыртуу үчүн аракетимди уланта берем» деп билдирди. Инаугурация салтанаты кечээ Кремлде өттү.

Быйыл 18-марттагы шайлоодо Путин шайлоочулардын 76,69% добушун алган.

65 жаштагы Путин 1999-жылы бийлик башына келген.

5-майда Орусиянын он чакты шаарында “Ал бизге падыша эмес!” аттуу нааразылык акциялары өтүп, кармалган адамдардын саны 1600дөн ашканы жарыяланды.

Путин кечээ премьер-министрликке кайра эле Дмитрий Медведевди сунуш кылды. Мыйзамга ылайык, президенттин сунушун Мамлекеттик Дума карап, бекитиши керек. (RK)

XS
SM
MD
LG