Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Жогорку сот Салянованын ишин карайт


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку сотто бүгүн экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын соту болот.

3-майда сот жараяны адвокат ооруп келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө калтырылган болчу.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деп эсептелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG