Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:17

Кыргызстанда саясий жана соттук кызматтарды ээлеп турган адамдар башка өлкөнүн жараны экени аныкталса, аларды кылмыш жообуна тартуу сунушталууда.

Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Алмазбек Баатырбеков иштеп чыгышты. Ал долбоор коомдук талкууга коюлду.

Авторлордун пикиринде, эч кандай чара каралбагандыктан саясий кызматты ээлеп турган айрым адамдар өзүнүн башка жарандыгын жашырып отура бериши ыктымал. Мындай абал купуя маалыматтардын сыртка чыгып кетишине, башка өлкөнүн жаранынын Кыргызстандын президенти болуп шайланып калышына шарт түзүшү ыктымал экени айтылууда.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, тартип коргоо жана фискалдык органдарда иштегендердин жалпы саны 50 миң адамды түзөт. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG