Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Ысык-Көлдөгү санаторийде он үч киши ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде 13 киши тамактан ууланды. Бул тууралуу “Азатыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Уулангандардын арасында чет элдик спортчулар – Ирандын бир жараны жана Бириккен Араб Эмираттарынын алты жараны бар экени айтылды.

Маалым болгондой, алар 7-май күнү Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, учурда алардын абалы канааттандыраарлык. Бейтаптар бир сыйра дарыланган. "Алар ооруканадан бүгүн кечке чейин чыгарылат" деп кабарланды.

Алар жеген тамак-аштан анализ алынган, анын жыйынтыгы эки-үч күндөн кийин белгилүү болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG