"Мен атамды жана агаларымды эскерем” деп аталган веложүрүш Жалал-Абад шаарынын кире беришинен Жеңиш эс алуу багына чейин уюштурулду. Калаанын вице-мэри Руслан Алтымышовдун айтуусунда, бул веложүрүшкө шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайларынын, коомдук бирикмелердин, жеке менчик субъектилердин өкүлдөрү катышты.
Веложүрүш идеясын шаар коомчулугу сунуш кылып, аны мэрия колдоп чыкты.
Жеңиш эс алуу багында атайын тематикалык стенддер, маалыматтык-майрамдык иш-чаралар уюштурууда. Ага согуш ардагерлери да чакырылган.
Мындан сырткары, сүрөт тартуу боюнча "Мен атамды жана агаларымды эскерем” аттуу сынак-көргөзмө уюштурулат. Каалоочулар бул акцияга катышып, Жеңишке болгон өзүнүн ички туюмдарын сүрөт аркылуу көргөзө алат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин жанында маркумдарга багышталып Куран окулат. (RsK\ErN)