Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:16

Орто-Сай базарынын жанындагы "Каухар" бизнес-борборунда өрт чыкты


"Каухар" бизнес-борборундагы өрт. 8-май, 2018-жыл.

Бишкектин Орто-Сай базарынын жанында жайгашкан "Каухар" бизнес-борбору өрттөнүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Сүйөркулов көчөсү №5 дарегиндеги медициналык борбордон өрт чыкканы тууралуу маалымат бүгүн саат 11.30да түшкөн.

Аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. Өрттү өчүрүү боюнча штаб түзүлүп, жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканы кабарланды.

Интернетте тараган видеолор менен сүрөттөрдө "Каухар" борборунун эң үстүңкү бешинчи кабаты жалындап күйүп жатканын көрүүгө болот. Имаратта медициналык борборлор, бир нече банк, фирмалар жайгашкан.

XS
SM
MD
LG