Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Оштогу музейде тепсендиде калган желек боюнча иш сотко өттү


Сулайман-Тоо музейиндеги полго төшөлгөн туу.
Сулайман-Тоо музейиндеги полго төшөлгөн туу.

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо археологиялык музейин оңдоо учурунда Кыргызстандын туусун жерге төшөп, таштанды чогултуучу буюм катары колдонгон музейдин кызматкеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 2017-жылдын 25-сентябрь күнү болгону аныкталды. Музейдин менежмент жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы, Кара-Суу районунун 72 жаштагы тургуну М.М. кампада жаткан желекти алып чыгып, усталарга берип койгон. Алар тууну жумуш жүрүп жаткан 117-119-бөлмөлөрдөгү эмеректердин үстүнө жана астына, жерге жайып таштанды чогултуш үчүн колдонуп, Кыргызстандын желегин мазакташкан.

Окуя болгон жерден күбөлөр тартып алган сүрөттөргө фото-техникалык экспертизанын корутундусу чыккан. Анын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси (“КРнын Мамлекеттик гербин же Мамлекеттик желегин мазактоо”) менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөдөн кийин, чогулган материалдар Ош шаардык прокуратурасы аркылуу Ош шаардык сотуна кароого жиберилди.

Буга чейин Сулайман-Тоо музей комплексинин мурунку кызматкери Аширали Маразыков "музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү" деп, бир нече сүрөттү Интернетке чыгарган. Ал Кыргызстандын башкы символдорунун бири тепселиши үчүн Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиевди айыптаган. Кангелдиев полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин болгонун, ага жооптуу эмес экенин билдирген.

Кыргызстандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Мамлекеттик символ катары бекитилген желекти өрттөгөндөр, жырткандар жана башка туура эмес нерселерди жасагандар мыйзам жоопкерчилигине тартылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG