Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 23 млн. долларга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Март айында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 23 млн. долларга көбөйдү. Натыйжада 31-мартка карата карыздын жалпы суммасы 4 млрд. 425 млн. долларга жетти. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Мунун ичинен тышкы карыз 3 млрд. 899 млн. долларды, ички карыз 526,6 млн. долларды түзөт.

Кыргызстандын эң көп аласасы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 млрд. доллар төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 43,8% болот.

Өкмөт быйыл январь-март айларында мамлекеттик карызды төлөөгө жалпысынан 2,4 млрд. сом бөлгөн.

Маалым болгондой, жылдын февраль айында Орусия Кыргызстандын калган 222 млн. доллар карызын кечип, мамлекеттик карыз 4 млрд. 402 млн. долларга чейин азайган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG