Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Жогорку сотто Аида Салянованын иши карала баштады


Аида Салянованын соту. Соттук коллегия, айыпталуучу жана катышуучулар.
Аида Салянованын соту. Соттук коллегия, айыпталуучу жана катышуучулар.

Жогорку сотто экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын соттук иши карала баштады. Ишти соттук коллегия карап жатат.

Айыпталуучунун адвокаттары соттон проектор менен видео көрсөтүүнү жана адамдардын көптүгүнө байланыштуу жыйынды башка залга которууну өтүнүштү. Сот алардын биринчи сунушун канааттандырып, экинчисин кетке какты. Андан кийин прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранды.

3-майда сот жараяны адвокат ооруп келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө калтырылган болчу.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деп эсептелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. Бирок Салянова соттун алдында өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгараарына ишеним артып жатканын билдирген. (TSh\ErN)

"Азаттык" соттун жүрүшүн түз эфирде көрсөтүп жатат:

XS
SM
MD
LG