АКШ Конгресси Орусиянын коргонуу өнөр жай комплекси менен кызматташкандарга санкция киргизет. Өкүлдөр палатасынын атайын комитети ушундай сунуш киргизди. Бул тууралуу АКШнын 2019-жыл үчүн коргонуу бюджетинин долбоору жарыяланган расмий сайтта айтылат.
Мыйзам долбоорунун авторлору АКШнын президентине Орусиянын коргонуу тармагына колдоо көрсөткөн адамдарга каршы санкция киргизүү укугун берүүнү сунуш кылат. Бул негизинен аскердик жабдуу жана жогорку технологиялык курал-жарак өндүрүүгө же ойлоп табууга тиешелүү.
Конгрессмендер мындай курал-жабдыкка кыйратуучу учактарды, канаттуу ракеталарды, С-300 жана С-400 ракетадан коргоону системаларын, аскердик жандоочторду киргизишкен.
Санкциялар өзгөчө «Орусиядан мындай курал-жабдык сатып алган, терроризмди каржылаган өлкөлөрдү» бутага алат.