Нью-Йорк штатынын башкы прокурору Эрик Шнейдерман бир нече аялдын дооматтарынан кийин кечээ кечинде кызматтан кетти. "New Yorker" журналына берген интервьюда аны менен жакын мамиледе болгон төрт аял прокурор аларга кол көтөргөнүн, өзүн орой алып жүргөнүн айтып беришкен.
Макала чыгаары менен штаттын губернатору Эндрю Куомо Шнейдерманды кызматтан кетүүгө чакырды. Прокурор ал олуттуу айыптоолор боюнча сотто өз таламын талашаарын билдирди.
Демократиялык партиянын мүчөсү Шнейдерман ыдык көргөн аялдардын "MeToo" деген кыймылынын жигердүү катышуучусу жана продюсер Харви Вайнштейндин компаниясына каршы доо арыз берген.