Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:15

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын Жогорку сотто каралып жаткан соттук иши 22-майга калды.

Соттук коллегия караган отурумда прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова, соңунда Аида Салянова өзү жарыш сөзүн сүйлөдү. Салянова өзү күнөөсүн толук четке кагып, иликтөөнүн материалдарында да анын айыбы далилденбегенин билдирди.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деп эсептелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. Бирок Салянова бүгүн соттун алдында өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгараарына ишеним артып жатканын билдирген. (TSh\ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG