Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Оюн залдарынын тогузу Биринчи май районунда, жетөө Свердловск районунда, бешөө Ленин районунда жана дагы бешөө Октябрь районунда иштеп жаткан.

Ушуга эле удаа уланган операциянын алкагында Ош шаарында дагы бир казино аныкталган.

Кумарканалар боюнча топтолгон материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары айтып келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG