Орусиянын Иркутск шаарындагы травматологиялык ооруканада каза болгон кыргызстандык келиндин туугандары анын сөөгүн алып келиш үчүн элден жардам сурады. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.
Маалыматка караганда, маркумдун туугандары анын травматологияда каза болгонун айтышкан. Азыр сөөк ооруканада. Ата-энеси жана жакындары келиндин өлүмүнүн себебин биле албай жатышат. Сөөктү мекенине алып келүүгө үй-бүлөсүнүн чамасы жетпегендиктен, алар жардам сурап укук коргоочуларга кайрылышкан.
Маркум Дилдара Буваева 1978-жылы туулган жана Ош шаарында жашап келген. Акыркы жылдарда Орусиянын Иркутск аймагында иштеп жүргөн. Артында үч баласы калды.