Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:01

Салянова: Мандатымды кайра алуунун жолу бар


Аида Салянова.

Аида Салянова соттон акталса депутаттык мандатын кайра кайтарып алышы мүмкүн. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. “Юридикалык жактан мындай мүмкүнчүлүк бар” деди Салянова.

Былтыр 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Ал "жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөшү керек болот" деп айтылган. Кийин ушул эле өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Бүгүн Жогорку сотто Салянованын көзөмөл арызы карала баштады. Прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранды. Ал эми адвокат Чынара Жакупбекова да, Салянова өзү да күнөө жок экенин, коюлган айып далилденбегенин айтышты.

Кийинки отурум 22-майга белгиленди. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG