Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Ош ИИБ: Өкмөт башчынын кортежине кырсыкка кабылган машиненин тиешеси жок


Кортежде болгону кабарланган "Toyota Land Cruiser 200" унаасы. Ош облусу, 2018-жылдын 7-майы. Сүрөт "Turmush.kg" сайтынан алынды.
Кортежде болгону кабарланган "Toyota Land Cruiser 200" унаасы. Ош облусу, 2018-жылдын 7-майы. Сүрөт "Turmush.kg" сайтынан алынды.

Ошто 7-майда катталган жол кырсыгына өкмөт башчыны коштоп жүргөн кортеждин тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 7-майда Өзгөн районунун Төрт-Гүл айылында түшкө маал болгон. "Toyota Land Cruiser 200", "Lexus LX 570" жана "ВАЗ" автомашинелери сүзүшкөн:

- Кортеждеги машинелердин баары өтүп кеткенден кийин бир нече мүнөт ичинде болгон окуя. Артта Өзгөн районунун кабарчылары түшкөн ВАЗ унаасы келе жатып бузулуп калган. Аны артынан жолтандабас сүзгөн. Кортежге тиешеси жок. Териштирүү жүрүп жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 7-майда Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, Өзгөндүн былтыр жер көчкүдөн жапа чеккен Аюу айылынын тургундары менен жолугушкан.

Интернетте Абылгазиевдин кортежиндеги эки автоунаа жол кырсыгына кабылды деген маалымат тараган.

Кырсыктан адамдын өмүрүнө зыян тийген эмес.

XS
SM
MD
LG