Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлдү


Орусиядагы Ачинск кара май иштетүү заводу.
Орусиядагы Ачинск кара май иштетүү заводу.

Инвесторлордун "АКШ Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгат" деген кооптонууларынан улам кечээ-бүгүн дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы көтөрүлүп, баррели 70 доллардан ашып кетти. Кара майдын биржалык соодадагы "Brent" түрү дүйшөмбү күнү баррелине 76,34 долларга чейин чыкса, шейшембиде кайра 75,64 долларга чейин түштү. Баары бир бул 2014-жылдын ноябрынан берки эң жогорку баа.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Ошондон кийин 2016-жылдан тартып Ирандын Европа жана Азия менен ишкерлик алкалары жанданып, ал азыр дүйнөдө күн сайын өндүрүлгөн 98 миллион баррел мунайдын төрт миллион баррелге жакынын берүүдө.

Айрым талдоочулардын болжолунда, эгер АКШнын санкциялары кайра жаңыртылса, Иран дүйнөлүк базарга чыгарган мунайдын күндөлүк көлөмү 200 миңден 600 миң баррелге чейин азайышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG