Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

Трамп: АКШ Иран менен келишимден чыгат


Дональд Трамп Иран менен келишим тууралуу чечимин жарыялоодо. 8-май, 2018-жыл.
Дональд Трамп Иран менен келишим тууралуу чечимин жарыялоодо. 8-май, 2018-жыл.

Президент Дональд Трамп бул тууралуу бир аз мурда Ак үйдөн жарыялады. Анын билдирүүсүнө караганда, АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгат.

АКШ президенти ошондой эле Вашингтон Иранга каршы анын өзөктүк программасынан улам киргизилген экономикалык санкцияларды жаңырта турганын да белгиледи.

Финансы министрлиги Трамптын жарыясынан кийинки билдирүүсүндө түшүндүргөндөй, Иранга каршы санкциялар 90-180 күн ичинде кайра киргизилип, “толугу менен күчүнө кирет".

АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш болчу.

Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек эле. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келмек.

Трамп өзү жана анын администрация өкүлдөрү буга чейин Иранды "баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин маңызын бузду” деп айыптап жүрүшкөн.

АКШ президенти 8-майдагы сөзүндө расмий түрдө "Аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планы" деп аталган документти "маңызы бузук" жана Ирандын өзөктүк куралга ээ болушунун алдын албай турган макулдашуу катары мүнөздөдү.

Расмий Тегеран болсо акыркы апталарда эгер АКШ келишимден чыкса “өкүнөрүн” эскертип жаткан.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Ошондон кийин 2016-жылдан тартып Ирандын Европа жана Азия менен ишкерлик алакалары жанданып, ал азыр дүйнөдө күн сайын өндүрүлгөн 98 миллион баррел мунайдын 4 миллион баррелге жакынын берүүдө.

Айрым талдоочулардын болжолунда, АКШнын санкциялары кайра жаңыртылган шартта, Иран дүйнөлүк базарга чыгарган мунайдын бир күндүк көлөмү 200, 000ден 600 000 баррелге чейин азайышы мүмкүн.

АКШ президентинин жарыясын утурлай дүйнөлүк биржаларда мунай баасы кымбаттап, баррелине 70 доллардан ашкан. Бул – 2014-жылдын соңунан берки эң жогорку баа. (UE)

XS
SM
MD
LG