Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жээнбеков “Өлбөс полк” акциясына чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп чыкты


Акциядан тартылган сүрөт. 9-май, 2018-жыл.
Акциядан тартылган сүрөт. 9-май, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өтүп жаткан “Өлбөс полк” акциясына катышты. Мамлекет башчы дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, алардын балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайтышкан. Согуштагы эрдиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланган. Акцияга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков ата-бабалардын согуштагы эрдигин урпактары эч качан унутпай турганын белгилеп, кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Жер-жерлерде бүгүн Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленип жатат. Бишкектин Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилери катышууда. Салтанат согушта курман болгондорду эскерүү менен башталды.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун жоокер курман болгон. Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG