Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:17

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады. Жээнбеков ардагерлерди, кыргызстандыктарды Куралдуу күчтөрдүн колбашчысы катары алгачкы жолу куттуктап жатат.

- Намысты, абийирди, мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыз аңыз болуп айтылып, урпактарга мисал болчу эрдиктин үлгүсүн калтырып кетти. Алардын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз болуп калат. Улуу Манастан бери келаткан даңазалуу жолдун уландысы болот. Аталардын даңктуу жолун улантуу – Мекенди көздүн карегиндей коргоо – биздин бүгүнкү милдетибиз. Бүгүнкү Жеӊиш күнү сергек ой-жүгүрткөн ар бир адамга, жалпы адамзатка дагы бир жолу согуштун кыяматын эскертип, дүйнөдө тынчтыктан өткөн дөөлөт жок экенин далилдеп турат, - деди ал.

Жер-жерлерде бүгүн Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленип, "Өлбөс полк" акциясы өтүүдө. Ага мамлекет башчы Жээнбеков баш болгон мамлекет жетекчилери, кызматкерлер болуп 30 миңден ашуун адам катышууда.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияга каршы күрөшкө 360 миңден ашуун кыргызстандык мобилизацияланган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул согуштун ардагерлеринин жалпы саны 470тин тегерегинде. Өткөн жылы алардын саны 650дөй экени айтылган. Алардын пенсиясынын орточо өлчөму 7 миң сом. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG