Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Согуш ардагерлеринин саны бир жылда 200 адамга азайды


Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары. 9-май, 2018-жыл.
Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары. 9-май, 2018-жыл.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери калды. Анын ичинен 128и – согуштун майыптары, 299у – согуштун катышуучулары, 23ү – концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25и – Ленинград блокадачылары. Былтыр ардагерлердин саны 650нүн тегерегинде экени айтылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйткөн. Ага ылайык, президенттик фонддон 7 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Улуу Ата Мекендик согуш - дүйнөлүк 2-согуштун (1939–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Бул согушка Кыргызстандан 365 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи ордендер жана медалдар менен сыйланган. 29 адам "Даңк" орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG