Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Аскерлердин макамын көтөрүүчү мыйзам долбоору ЖК комитетинен өттү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети аскер кызматчыларынын макамын көтөрүүгө жана Куралдуу күчтөрдүн уставын жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, турак жайы жок аскер адамдары үчүн батирдик төлөмгө тактоо киргизилүүдө. Тастыктоочу документин көрсөткөн аскер адамдарына кызмат өтөп жаткан жерине жараша төлөм белгиленмекчи.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, жарандык күчтөр жетишсиз болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жумуштарына Куралдуу күчтөр да тартылышы мүмкүн. Азыркы учурда 2,5 миң аскер кызматчысы жеке турак жайга муктаж. (КЕ)

XS
SM
MD
LG