Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Бишкекте үч эм төрөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Эне-баланы коргоо борборунда үч эм төрөлдү. Борбордун башчысы Камчыбек Узакбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эки кыз, бир уулду жарык дүйнөгө алып келген 45 жаштагы Чынара Исманованын жана балдардын абалы жакшы. Ымыркайлардын бири, эркек баласы дарыланууда. 4-майда жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын салмагы 2 кг 160 грамм, 2 кг 380 грамм жана 2,5 килограмм.

Үч эм Чынаранын экинчи төрөтү. Улуу кызы 24 жашта. (КЕ)

XS
SM
MD
LG