Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

ӨКМ: Ошто жер титирөөнүн күчү төрт баллга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов:

-Кыргызстанда жер титирөө чек арага жакын жайгашкан аймактарда: Алай, Чоң-Алайда 4 баллга, башка аймактарда 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян тийген учур катталган жок.

Ооганстандын түндүгүндө кечээ кечинде күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болду. Жердин силкиниши Тажикстанда жана Пакистанда да сезилди. Ал жакта да жабыркоолор, алдын ала маалымат боюнча, жок. (RK)

XS
SM
MD
LG